Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте кыргыз-кытай сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 674 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына карата Бишкекте 13-15-июнь аралыгында көркөм өнөр көргөзмөсү өтөт. Ал кыргыз өкмөтү менен Кытайдын «Тынчтык үчүн саякат» борбору тарабынан уюштурулган.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, көргөзмөгө 22 өлкөдөн 45 сүрөтчү чакырылган. Алсак, көргөзмөгө катышуу үчүн орусиялык сүрөтчү Александр Лавров, Өзбекстандын эмгек сиңерген сүрөтчүсү Алишер Аликулов, казак сүрөтчүсү Владимир Проценко, италиялык сүрөтчү Даниель Фолзорано жана Кытайдын өнөр ээлери келишти. Ал эми Кыргызстандын атынан 10 сүрөтчү катышат.

Бүгүн, 13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтө турчу кыргыз-кытай көркөм өнөр көргөзмөсүнүн ачылышына эки өлкөнүн президенттери да катышат. Ал эми иш-чаранын калган бөлүгү 14-15-июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде уланат.

Иш-чара ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий-гуманитардык байланышын чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана ар бир өлкөнүн жетишкендиктери менен тааныштыруу максатын көздөйт.

Copyright © 2017 Maral FM