Биз менен байланышыңыз

Он-Арча суусуна түшүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 453 | 0

17-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына таянып, «Элдик медиа» маалымат порталы кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, бүгүн, 12-июнь күнү саат 13:15тер чамасында Ак-Талаа РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкери телефон чалып, Кара-Ой айылынын түштүк тарабындагы Нарын суусунун жээгине жансыз адамдын денеси чыгып калгандыгын билдирген.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу болжол менен 6-7 жаштагы кыздын жансыз денесин чалкасынан жаткан абалда көрүшкөн. Ал буга чейин изделип жаткан кыз болуп чыккан. Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, атасы кызынын сөөгүн тааныган.

Copyright © 2017 Maral FM