Биз менен байланышыңыз

Ашкере сын Атамбаевди коргоосуз калтырабы?

Саясат | 12 Июн 2019 | 761 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июндагы митингде эл өкүлдөрүнүн дарегине айткан сыны Жогорку Кеңештин депутаттарынын кыжырын кайнатып, анын кол тийбестигин алуу демилгесине себеп болду. 12-июндагы жалпы жыйында депутат Канатбек Исаев атайын кайрылуу жасап, Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзү жана мамлекетти башкарып турган учурдагы иштери үчүн жоопко тартуу керектигин сунуш кылды. Ошол учурдагы Кыргызстанда ишке ашкан ири долбоорлордогу мыйзам бузууларга да анын тиешеси бар экенин белгиледи.

— Коррупциялык, узурпациялык көрүнүштөр Алмазбек Атамбаевде көп болгон. Аткаруу бийлигине да түздөн түз киришкен. «Бишкек жылуулук борборун модернизациялоону, түндүк-түштүк альтернативалык жолун курууну, Датка-Кемин долбоорун мен ишке ашыргам», — деп жүрөт. Нарын ГЭСтер каскадынын иштери кандай болуп, канча карызга отурганын — баарын билебиз.

«Элге кызмат кылган Матраимовдордун үй-бүлөсү»

Эл өкүлү Талант Мамытов да Исаевди улап, экс-президенттин айтканына жана кылган ишине баа берүүнү колдоп чыкты. Парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков да агынан жарылган депутаттардан боюн оолак алып, четте карап турган жок. Ал учурунда Алмазбек Атамбаевди колдоп келгенин, бирок, эчак эле эки жолго түшкөнүн эскерди. Анын айтымында, 2018-жылдын март айында саясий оюн башталганда, экс-президент менен жолугуп, пикирин билдирген. Анда Атамбаев 10 миң кишини чогултуп, Ак үйдөн баарын кууп чыгууга күчү жетерин кесе айткан. Ошол окуядан соң, Жумабеков Атамбаевдин оюна каршы болуп, өз жолуна түшкөнүн белгиледи. Матраимовдордун тою боюнча Атамбаевдин сынына да жооп берди.

— Сиздин учуруңуздагы премьер-министр да, сизге жакын депутаттар да ошол тойдо жүргөн. Алар да элди, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, тойдо жакшы сөздөрүн айтты. Мен аларга комментарий бере албайм. Бүгүн биз барсак, «Чимкирик депутаттар, бөжөңдөп тойдо жүрөт», — дейт. Сиз ошол Кара-Суу элинин, Матраимовдордун арты менен партияңызга көптөгөн добуштарды албадыңызбы? Президенттик шайлоодо да добуш албадыңызбы?

Ушул жерден белгилеп кетчү жагдай, төрага Матраимовдорду элге кызмат кылган адамдардын катарына кошкон болсо, буга чейин «Азаттык» алардын мүлкү тууралуу иликтөө даярдап, ал жерде болуп көрбөгөндөй чоң суммадагы каражат тууралуу сөз болгон.

«Башкы прокуратура эмнеге унчукпайт?»

Учурунда Алмазбек Атамбаевди «журт атасына» теңеген депутат Иса Өмүркулов да экс-президенттин аракетине терс пикирин айтты. Учурунда үмүт артып, чогуу жүргөнүн эске салып, бирок экс-президент статусуна ээ болгондон кийинки кадамдарын сынга алды.

— Мамлекетте болуп жаткан процесстерге аралашып, жеке позициясын, көз карашын бизге таңуулап жатат. УКМК репрессиялаган органга айланганын учурунда айтса болот эле. АКСти түзгөн ким эле? Башкы прокуратура ошол кезде президенттин дарегине сын айтсаң, кылмыш ишин козгоп жүргөнү эсибизде. Бүгүн күндө Башкы прокуратуранын позициясын түшүнбөй жатам? Эмнеге унчукпай жатышат?

«Атамбаевди мыйзам болбосо, эл коргойт»

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Атамбаевди жактагандар да болбой койгон жок. Дайымкыдай депутат Ирина Карамушкина чыгып, Атамбаевдин дарегине сын айткандарга жооп берди. Кызматтан кеткен президенттин дарегине айтылган сөздөрдүн негизсиз экенин айтып, аны коргоого мыйзам болбосо да, эл турарын эскертти.

— Атамбаевдин кол тийбестигин сактаган мыйзам жок болсо да, артында эл бар. Азыр калк баарын билет, ким эмне деп жатканына байкоо салып турат. Мен төрагага кайрылгым келет, сиз жаңы баракка жазып жатасыз. Азыр соттор, УКМК, Башкы прокуратура кандай иштеп жатканын билебиз. Кылмыштуулук мурдагыдан көп. Силер да Атамбаевден жакшы иш кылгыла. Аны саясий аренадан алыстата албай жатасыңар. Учурунда дос болуп, кийин сатып кеткендер да кези келгенде эл алдында жооп бересиңер.

«Сынды убагында да айтып келгем»

«Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттарга Атамбаевдин ишин жөн эле талкуулабастан, чечим кабыл алуу керектигин сунуш кылды.

— Атамбаев мамлекетке дүрбөлөң салып, 3-төңкөрүштү өткөрөм деп жатат. Ошол үчүн айтып жатабыз. Мен убагында да айтып келгем. Бүгүн Жогорку Кеңештин колунда кандай мүмкүнчүлүк болсо, ошого карап чечим кабыл алалы.

«Исаев премьер-министр болуп калса, таң калбайм»

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева бул кадамды депутаттардын атайын уюштурулган планы деп эсептейт. Жогору жактан тапшырма берилгенин айтып, Атамбаев камалса эле карап турбасына ишеничин билдирди. Ал: «Атамбаевге баа берүү сунушун киргизген депутат Канатбек Исаев да саясий буйрукту аткарды», — деген пикирде.

— Канатбек Исаев саясий буйрукту аткарып жатат. Эртең ал киши премьер-министр болуп калса, таң калбашыбыз керек. Бул — атайын иштелип чыккан сценарий. Жадагалса, айтар сөзүнө чейин иреттеп алышкан.

Жогорку Кеңештеги жыйындын жыйынтыгында, депутаттар Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча кол чогултууга киришти. Анда Канат Исаев 40 депутат кол койгонун айтып, тиешелүү комитетке тапшырма берүүнү төрагага сунуш кылды.

Copyright © 2017 Maral FM