Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Жаңы президент жетекчилердин баарын кызматтан алды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 513 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шаар мэрлерин, облус акимдерин, ошондой эле, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койду.

Мындай жарлык чыгаруусуна Казакстандын Башмыйзамынын 87-беренесинин 5-пункту негиз болгон. Анда жаңы президент ишке расмий киришкенден тартып, жогорку кызматтагылар ээлеген ордунан бошотулары жазылган.

Ошондой эле, алар жаңы жетекчилер дайындалганга чейин милдеттерин убактылуу аткарып турат. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-июнда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп, президенттик кызматка расмий киришти.

Copyright © 2017 Maral FM