Биз менен байланышыңыз

Баттулга Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 388 | 0

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Халтмаагийн Баттулга жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Монголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

«Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө дагы жагымдуу таасирин тийгизет. Биринчи кезекте биз соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришибиз керек», — деди Халтмаагийн Баттулга.

Монголиянын мамлекет башчысы айыл чарба, ветеринария, маданий-гуманитардык байланыштарды бекмдөө, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, финансы жана башка тармактарда кызматташтыкты активдештирүү жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Халтмаагийн Баттулга туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана Ысык-Көл жана Хяргас-Нуур көлүнө биргелешкен маршрутту иштеп чыгууну сунуштады.

 

Copyright © 2017 Maral FM