Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматы Салянованын жанында ким бар экенин айтты

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 489 | 0

Улан Саляновдун өлүмүн уюштурду деп айыпталып кармалган жаран мурдагы башпрокурор Аида Саляновага коркунуч жарата албайт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматында, 1983-жылы туулган А. А., аттуу жаран Бишкектеги №1 тергөө абагынын эркектер кармалган корпусунда. Ал 2019-жылдын 22-майында СИЗОго алынып келинген.

Ал эми Аида Салянова аялдар кармалган корпуста. Анын жанында «алдамчылык» беренесине шектелип жаткан 1992-жылы туулган кыз бар.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламент жыйынында Аида Салянова Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнүн бир тууган инисинин өлүмүн уюштурган адам менен бир жерде отурганын айтып, бул ага болгон психологиялык басым деген эле.

Шыкмаматов парламент спикери Дастанбек Жумабековго кайрылып, Салянованын кармалышынын мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну, анын укугун коргоону өтүндү.

Copyright © 2017 Maral FM