Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 518 | 0

Бүгүн, 12-июнда Нур-Султанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, иш-чарада салют атылып, оркестр менен коштолот.

Президенттик милдетти кабыл алуу салтанатына Казакстанда катталган дипломаттар келет. Иш-чарага чет элдик коноктор чакырылган эмес.

Эске салсак, 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өткөн. Анда, Касым-Жомарт Токаев 70,96 пайыз добушка ээ болуп, жеңүүчү деп таанылган. Добуш берүүгө шайлоочулардын 77,4 %ы катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM