Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор кол тийбестикке ээ эмес

Саясат | 11 Июн 2019 | 613 | 0

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттин уруксаты керек. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев билдирген. Бирок юристтер башкы прокурорлордо кол тийбестик артыкчылыгы жок экенин айтып жатышат. Ал эми Салянованын жактоочулары, анын саясий кызыкчылык үчүн күнөөлөнүп жатканын билдиришип, мыйзам бузуулар катталып жатканын кошумчалашты. Мурдагы башкы прокурорду камоо мыйзамдуубу?

Мурунку башкы прокурор Аида Саляновага кримчөйрө тарабынан коркунуч жаралып жатат. Мындай маалыматты Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди. Анын айтымында, Салянованы № 1 тергөө абагына киргизбеш керек болчу. Себеби, убагында ал жайга коррупционерлер, кримтөбөлдөр камалган. Алардын айрымдары азыркыга чейин чыга элек. Ошондуктан, Салянованын өмүрүнө коркунуч болушу толук ыктымал. Мындан сырткары, башкы прокуролорго карата кол тийбестик артыкчылыгы боюнча пикирин билдирип, буларга токтолду:

— Ооба, Аида Жеңишбековна бүгүнкү күндө башкы прокурор эмес. Бирок аны СИЗОго камап коюу да туура эмес. 2011-жылы Аида Салянова СИЗОлордогу мыйзам бузууларды дыкат текшерип баштаган биринчи адам болгон. Мындан улам, анын жашоосуна түздөн-түз коркунуч жаралышы толук мүмкүн. Аны менен катар Салянованын жүрөк оорусу баарыбызга маалым. Дарыгерлердин тынбай келип жатканы да ошондон.

10-июнда «Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы прокурор Аида Салянованын камакка алынышы боюнча билдирүү жасаган. Текебаевдин билдирүүсүн журналист Динара Турдугулова «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Анда Текебаев: «Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Башкы прокурорду кылмыш жообуна тартууга парламент гана уруксат берет», — деген пикирин айткан.

А бирок Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова жогорудагы пикирлерди толук четке какты. Себеби башкы прокурорлордун кол тийбестиги конституцияда жазылган эмес. Мыйзам боюнча кол тийбестик президентке жана сотторго гана иштээрин айтып, буларды кошумчалады:

— Өмүрбек Текебаев Конститутциялык палатанын талкуусунан улам ушундай тыянакка келип жатат. Анткени, мурун кызматта турган учурунда өзүнүн кандайдыр бир иш-аракеттери үчүн жооп бербеши керек деген чечим чыккан. Бул мыйзам президент менен сотторго гана иштейт. Ошонун негизинде Текебаев ушундай чечим чыгарып жатат. Мындан улам, конституцияда да, нормада да башкы прокурорлорго карата кол тийбестик каралган эмес. Мындай мыйзам да жок.

Саясат талдоочу Жамгырбек Бөкөшов мурунку башкы прокурор Аида Саляновага эч кандай артыкчылык берилбегенин айтып, «Күнөөсү далилденсе, Кыргызстандын жараны катары гана жооп бериши керек», — деп эсептейт.

— Аида Салянова учурда башкы прокурор же депутат эмес. Демек, Кыргызстандын эле жараны катары күнөөлүү болсо, мыйзам чегинде жооп бериши керек. Эч кандай жеңилдетүү же башка кадамдар болбошу керек. Себеби, мыйзам баарынан бийик турат. Ал юристтерге жакшы маалым.

Эске салсак, мурунку прокурор Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде кармалган. Ал  26-июнга чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалган. Анын СИЗОго камалышына тарапташтары нааразы болуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM