Алтынбек Намазалиев Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тишелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.
Чүй облустук администрациясынын жамаатына жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.
Алтынбек Намазалиев буга чейин Чүйдүн Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматында иштеген.
Өкмөттүн дагы бир буйругу менен Марс Саккараев Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.
Чүй облусунун буга чейинки башчысы Туйгунаалы Абдраимов журналист менен болгон чырдан соң, кечээ кызматтан айдалган.
Туйгунаалы Абдраимов кызматтан алынды