Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммитине байланыштуу Токаевдин инаугурациясы 12-июнда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 532 | 0

Казакстандагы президенттик шайлоодо жеңүүчү аталган Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 12-июнда өтөт. Бул тууралуу Токаев 10-июндагы ЖМКларга маалымат жыйын берүү учурунда билдирген.

«14-июнда Бишкекке, андан соң Дүйшөмбүгө барарым пландалган. ШКУ саммити сыяктуу чоң иш-чараларга Казакстандын толук кандуу президенти катарында катышканым оң»,- деди Токаев.

Эске салсак, 13-14-июнда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM