Биз менен байланышыңыз

Казакстан БШКсы шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады: Токаев — жеңүүчү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 511 | 0

Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоодо 70,96 пайыз добушка ээ болуп, жеңүүчү деп таанылды. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ал эми андан кийинки орундарды алган «Улут тагдыры» бириккен улуттук-патриоттук кыймылынан талапкер болгон Амиржан Косанов 16,23% добушка ээ болсо, «Ак жол» партиясынан талапкер болгон Дания Еспаевага 5,05% добуш берилген.

Эске салсак, 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өткөн. Добуш берүүгө шайлоочулардын 77,4 %ы катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM