Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдө билим берүү концепциясын 3-4 аялдан турган топ белгилейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2019 | 2158 | 0

Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору, Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын 50 пайызын эл аралык донорлордун өкүлдөрү ээлеп отурарын билдирди.

«Алар эмне үчүн мамлекеттик мекемеде, министрликтин калканчынын астында отурушат? Эмне үчүн эл аралык долбоорлор менен иш алып баргандардын министрликтин формалдуу документтерин колдонууга уруксаты бар? Менчик мекеме министрликтин имаратында отуруп тендерлерди айлантып жатат. Ал жерде жүрүп жаткан иштер ачык-айкын эмес, күмөн жараткан маселелер турат», — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, эл аралык донорлор Билим берүү жана илим министрлиги менен иштешүүгө кызыкдар. Бирок алардан келген каражаттар максатсыз пайдаланылып жатканы боюнча далилдер болсо да, өкмөт эч кандай жыйынтык чыгарбай жатат. Эгерде эл аралык донорлордун колдоолору туура пайдаланылганда, билим берүү тармагында ири өзгөрүүлөр болмок.

Бейшеналиев мындан сырткары, жалпы билим берүү системасын башкаруу боюнча да чечилбей келе жаткан маселелер көп экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Алсак, Кыргызстанда топтошкон бир тайпа эл аралык долбоорлорду айлантып, Билим берүү жана илим министрлигине жакын отуруп, бардык маселелерди чечишет. Кыргызстанда жасалып жаткан приоритеттүү документтердин баары ошол тайпа аркылуу даярдалып чыгат. Анткени, институттун эс тутуму 3-4 аялдын үстүндө гана калыптанган. Башкача айтканда, өлкө келечеги ушул 4-5 аялга байланыштуу болуп калган. Анткени, министрдин орун басарларынын компетенттүүлүгү ал аялдарга жетпейт. Орун басар бир маалыматты жазып, документке айлантып келгенче 3-4 күн өтөт. Ал эми жанагы топ бир топ министр менен иштешип келе жаткандыктан, даяр документтери бар», — дейт Бейшеналиев.

Ал 3-4 аялдан турган топ билим берүү системасынын келечектеги 10-20 жылдык конценциясын жазып, даярдап коюшканын белгиледи.

Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигиндеги иш-чаралардын баары формалдуу түрдө өтөрүн айтып, эл өкүлдөрү министрлик менен соодалашып алгандыктан, бул маселелерди көтөрүп чыкпай жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM