Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев Кудайбердиева тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2019 | 676 | 0

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева билим берүү тармагында тажрыйбалуу, дасыккан адис. Ал саясатты да жакшы билет. Бирок «Келечекти анализдеп, кыргыз коомчулугуна жаңылык алып келе алабы?» — дегенде суроо туулат. Мындай пикирин Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору, Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал Билим берүү министрлиги өлкө башчыларга билим берүү тармагы боюнча президенттик программа жазып бере албай койгонун сынга алды.

Анын айтымында, тунгуч президент Аскар Акаевдин убагында түзүлгөн президенттик «XXI кылымдын кадрлары» жана «Билимге жетишүү (Жеткинчек)» билим берүү программалары алгач жаштардын чет өлкөдөн билим алуусуна жакшы өбөлгө түзгөн. Бирок кийин өлкө башчылар алмашканда аталган программага өгөй баладай мамиле жасалып, көңүл бурулбай калган.

«Чет өлкөдө мындай программалар жемишин берип жатат. Биздин өлкө башчыда да билим берүү тармагы боюнча программа болушу керек. Аны Билим берүү министрлиги жазат. Ал формалуу документ болбой, маңдай тер төгүлүп жазылган программа болушу кажет», — дейт Бейшеналиев.

Ал буга кошумча, коңшу өлкөлөрдүн Билим берүү министрлери эл аралык форумдарда англис тилинде баяндама жасап, эркин баарлашарын белгиледи.

«Жыл сайын Лондондо билим берүү боюнча ири форум өтөт. Ага мен да байкоочу катары чакырылып калдым. Кошуна мамлекеттердин Билим берүү министрлери да келиптир, бирок биздин министрлик жок. Англис тилинде баяндама жасаган министрлерди көргөндө ичим күйдү. Мен байкоочу катары чакырылгандыктан, чектелип калдым», — дейт Бейшеналиев.

Copyright © 2017 Maral FM