Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска кабылды

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 2674 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал өзү «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, ПЧР-тесттин жыйынтыгы оң чыккан. Ошондой эле ал үч күндөн бери уу коргошун ичип, ден соолугу жакшырганын, эртең ишке чыга турганын маалымдады.

Кечээ Министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп бааланган. Министр Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүүлөр берилген.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM