Биз менен байланышыңыз

Батут кырсыгы: Оюндан чыккан от

Коом | 10 Июн 2019 | 796 | 0

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында катуу шамалдын кесепетинен балдар ойноочу батут оодарылып, эки өспүрүм жабыркады. Үч жашар кыз жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ошол эле өспүрүмдүн эжесинин буту сынган. Мындай окуялар башка коңшу мамлекеттерде да катталып келет. Жаш балдардын коопсуздугун эске алуу менен Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Бишкек мэриясы жергиликтүү бийликке батуттарды орнотпоо боюнча кат жолдоп келишет.

Данияр 9 жашта. Алты жашында батуттан кулап, колун сындырып алган. Коркуп калган Данияр азыркыга чейин ал жайга барбайт.

— Мен алты жашымда апам менен батутта ойноп жатып, туткасын кармайын десем, үзүлүп кеткен. Кулап кетип, цементке түшкөм. Колум сынып, үч ай гипс менен жүргөм. Ошондон бери батутка ойнобойм. Корком, апам да уруксат бербейт.

Мындай окуялар жыл сайын күн жылый баштаганда орун алат. Тактап айтсак, 9-июнда Балыкчы шаарында да катталып, анда 2 жаш өспүрүм жаракат алган. Ушул сыяктуу окуяларды алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына батутту борборго орнотпоо боюнча жылыга кат жөнөтүлүп турат. Бирок эч кандай майнап чыкпайт. Мындай пикирин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү Рахат Чодошов билдирди. Мындан сырткары, эс алуу жайларда батутту иштетип жаткан кызматкерлерге атайын түшүндүрмө иштери жүргүзүлөрүн айтып, буларга токтолду:

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан жергиликтүү бийликке атайын расмий кат жөнөткөнбүз. Бирок эч кандай майнап чыкпай эле. Бажы биримдигинин аттракциондордун коопсуздугу боюнча атайын техникалык регламенти бар. Ал регламенттин нормасына ылайыктуу батут экстремалдуу аттракциондордун катарына кирбей калган. Себеби, биомеханикалык жактан адамга тийгизген таасири экстремалдуу болуп эсептелбейт. Буга карабастан, биз батутту иштетип жаткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.

Ал эми Жаш гвардия бульварында батут иштеткен Аида Козукееванын айтымында, алар батутту эрежеси менен эле орнотушат. Ал бул жумушту аркалап жатканына төрт жылдын жүзү болду. Ушул убакыт аралыгында кардарлар жабыр тартпаганын айтып, буларды  кошумчалады:

— Төрт жыл болду иштегениме. Эч кандай кулап, же учуп кеткен эмес. Балыкчыда бир батут учса эле, ызы-чуу кылгандын кереги жок. Ал жактын шамалын билбейсиңерби? Үй-бүлөмдү ушул жумушум менен багам. Жаап салса кандай болот? Анда мамлекет жумуш менен камсыз кылсын.

Биз сейил бакта балдарын ойнотуп жүргөн ата-энелерди жана бөбөктөрдү кепке тарттык.

— Мага батутта ойногон жагат. Апам жумушунан бошогондо келебиз.

— Мен баламды батутка отургузбайм, анткени, корком.

— Байкасам, кенедей эле бир нерсе менен бекитип коюшат. Кулап, же учуп кетеби деп чочулайм. Ушул батутту алып эле салышса.

— Мен баламды 3 жылдан бери алып келем. Билбейм, кооптуулугун деле байкабаптырмын. Жакшы эле го?..

— Балыкчыдагы окуяны уккандан бери ойлонуп калдым. Балдарымды башка эле оюн-зоокко алып барат окшойм.

— Бул жак мага жагат. Кызыктуу. Ар бир жекшембиде келип, эс алып кетебиз.  

Белгилей кетсек, Казакстанда катуу шамалдан улам батут кулап, 11 жаштагы жеткинчек каза тапкан. Ал эми Кытайда да ушундай эле окуя катталып, анда 18 бөбөк оор жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM