Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай тарыхчыларынын талкуу жыйыны өтүп жатат

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 495 | 0

Бүгүн, 10-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында кыргыз-кытай тарыхчыларынын биргелешкен илимий талкуу жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучусу, КР Президентине караштуу «Мурас» коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов кабарлады.

Талкуу жыйын ШКУнун саммитине карата Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин иш сапарынын алкагында мерчемделген. Анда 3 миң жыл мурун кытай жылнаамаларында катталган кыргыз этноними тууралуу жаңы табылгалар боюнча илимий баяндамалар окулууда.

Белгилей кетсек, быйыл президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапарында б.з.ч. X кылымдарда жашап өткөн падышанын кыргыздар тууралуу маалыматтарды камтыган 2800 беттен турган материал табылгандыгын кабарлашкан. Бул маалыматтарга таянуу менен буга чейин Сыма Цяндын «Тарыхый баяндар» эмгегинде көрсөтүлгөндөй кыргыз тарыхына 2200 жыл эмес, 3000 жыл толду деген пикирлер айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM