Биз менен байланышыңыз

Нурлан Акматов Евразия экономикалык комиссиясына министр болду

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 489 | 0

Кыргызстандагы Евразия экономикалык комиссиянын жаңы мүчөсү (министр) болуп Нурлан Акматов дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.

Ал Бажы союзундагы бажылык жөнгө салуу боюнча иштерди карайт.

ЕАЭКтин мүчөсү Нурлан Акматов эмгек жолун 1995-жылы бажы тармагында катардагы кызматкер болуу менен баштап, аталган тармактын төрагалыгына чейин жеткен. 2011-2018-жылдары Акматов Кыргызстандагы ири ишканалардын бири «Газпром мунайзат Азия» компаниясынын директорунун орун басары болуп иштеген. Ал эми 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Манас эл аралык аэропорту» Ачык акционердик коомун жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM