Биз менен байланышыңыз

АКШда аскердик унаа кулап, бир кадет каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 513 | 0

АКШнын Нью-Йорк штатындагы Уэст-Поинт Аскер академиясынын аскердик унаасы кырсыкка учурап, бир кадет каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Алынган маалыматтар караганда, аталган академиянын кадеттерин аскердик машыктыруу аянтына тартып бараткан унаа жолдон оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 кадет каза болуп, 22 кадет ар кандай жаракат алган. Каза болгон кадеттин аты-жөнү ачык айтылган эмес.

АКШ президенти Дональд Трамп Твиттер баракчасы аркылуу каза болгон кадеттин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

 

Copyright © 2017 Maral FM