Биз менен байланышыңыз

ИИМ кызматкерлеринин ШКУ саммитине даярдыгы текшерилди

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 434 | 0

Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарынын Эски аянтында ички иштер органдарынын жана кезметчи милициялардын саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ички иштер министри, генерал-майор Кашкар Жунушалиев, орун басарлары, түзүмдүк башкармалыктардын башчылары катышкан бул иш-чара 13-14-июнда өтө турчу Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине даярдыкты текшерүү максатында жүргүзүлдү.

«Ар бир кызматкер жарандар менен баарлашууда сылык болуп, алардын арыздары менен кайрылууларына калыс мамиле кылып, балдарга, аялдарга жана кары адамдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Андан сырткары, бизге Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн», — деди Кашкар Жунушалиев өз сөзүндө.

Ошондой эле, өздүк курамдын кызматтык документтери, кызматтык күбөлүктөрү, жеке номурлары менен төш белгилери, кызматтык автоунаалары текшерилди.

Иш-чара күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана курсанттарынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды.

Copyright © 2017 Maral FM