Биз менен байланышыңыз

Пара алып жаткан милициянын подполковниги кармалды

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 441 | 0

Чүй облусунун Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Ч. Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аты аталган подполковник кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштө оң чечим чыгаруу максатында 5 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган.

Пара алууга шектелген кызматкер Чүй облусунун Жайыл райондук ИИБ Жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан мурда пара катары талап кылынган акчанын калган 40 миң сом өлчөмүндө суммасын алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Бул иш ушул жылдын 15-апрелинде КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ишке ашырылганын атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

Милициянын подполковниги Ч. Б. кармоо иштери КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестринде катталган материалдарды сотко чейинки териштирүүнүн алкагында ишке ашырылды.

Кармалган шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM