Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин иши боюнча Зарылбек Рысалиев суракка чакырылды

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 630 | 0

Мурдагы Ички иштер министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сурака чакырылды. Бул тууралуу ИИМге таянып бир катар массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Зарылбек Рысалиев саат 10:00дөн бери Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгында «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде сурак берип жатат.

Кошумчалай кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан соттолуп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка камалган болчу. 2013-жылдын апрелинде айыккыс ак кан оорусу менен ооруйт деген бүтүм чыгып, камактан бошотулуп, Грозный шаарына учуп кеткен. Батукаевдин иши боюнча 2019-жылы кайра жанданып, тергөө иштери жүрүүдө.

Анын алкагында кримтөбөлдүн «рак оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да кармалып, ал 22-майда үй камагына бошотулган.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да камалган. Ошондой эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалган.

Ошондой эле 5-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да Батукаевдин иши боюнча кармалып, 26-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылган болчу.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM