Биз менен байланышыңыз

Электрондук виза жасаган жасалма сайттар пайда болду

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 476 | 0

Электрондук визаны жасалма сайттардын да жасоого аракет кылганы жөнүндө арыз менен кайрылган окуялар катталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы билдирген.

Мекеменин маалыматында, мындай сайттар расмий www.evisa.e-gov.kg сайтынын көчүрмөсүн түзүшүп, арыз тапшыруучулардын башын айлантууда. Бул сайттар аркылуу арыз тапшыргандар, «Электрондук виза» системасындагы арыздардын катарына кирбей калат. Мындай ортомчу сайттардын бири kyrgyztanvisas.com сайты экендиги аныкталды.

Министрлик ашыкча көйгөйгө кабылбоо үчүн Кыргызстандын электрондук визасын алууда арыз менен www.evisa.e-gov.kg расмий сайтына кайрылууну сунуштайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM