Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга жасалма виза менен келген Конго жараны мекенине кайтарылды

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 541 | 0

Кыргызстанга жасалма виза менен кирүүгө аракет жасаган Конго мамлекетинини жараны кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат борбору кабарлады.

Москва — Бишкек авиакаттамы аркылуу келип, «Манас» эл аралык аэропортунун көзөмөл өткөрмө бекетинен өтүп бараткан 1991-жылы туулган Б. Ф. М. аттуу Конго өлкөсүнүн жараны кармалды.

Чек ара кызматкерлери паспорттогу маалыматтарын тышкы миграциянын эсептөө базасына киргизгенде, ал жарандын электрондук визасы чыккан эмес.

Териштирүүнүн жыйынтыгы менен чет элдик жаранды кайра артка жөнөтүү чечими кабыл алынган.

«Эскерте кетсек, ушундай эле окуя 2019-жылдын февраль айында катталган. Анда Нигериянын эки жараны КРнын электрондук визасынын жасалма көчүрмөсү менен Кыргызстанга кирүүгө аракеттенген», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM