Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: «Сириядан кайткандарды мыйзам чегинде жазалаш керек эле, бирок мен анте албайм…»

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 2022 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусундагы аткаминерлер үчүн өткөрүлгөн видеоселектордо Сириядан кайтарылган өзбекстандыктар тууралуу пикирин билдирди.

«Мына, биздин 156 мекендешибизди Жакынкы Чыгыштагы согуш жүрүп жаткан аймактан кайтарып келди. Алар эмне үчүн кеткен? Абалыбыз начар болгону үчүн, аларга биз шартты түзүп бере албаганыбыз үчүн кетишкен. Бирок ал жакка барып эмне болушту? Кыз-келиндерибизди сатышты. Беш бала беш башка атадан төрөлгөн. 14 жаштагы кыздарыбыз турмушка чыккан…Мына ушул нерсе бизге жарашабы эми??

Эгер мыйзам чегинде карай турган болсок, Конституцияга ылайык мен аларга чара көрүшүм керек эле. Бирок мен андай кыла албайм. Себеби, алар да өзбек жарандары, мекендештерим!…

Аларды Мекенге кайтаруу өтө кыйынга турду. Канча мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүздүк. Учакты ал жерге кондуруп, аларды террористтердин колунан алып чыгуу оңой эмес. Бирок баары бир биз аларды алып келдик. Эми эмне кылышыбыз керек? Биздин аалымдар каякты карап жатат? Ким аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт? Бул маселе баарыбызды ойлонтушу керек»,-деген Шавкат Мирзиёев.

Маалым болгондой, өзбек бийлиги 30-майда «Мээрим» деп аталган атайын операциянын негизинде Ирак жана Сириядагы өзбекстандыктарды кайтарып келген. Алардын 48и аялдар, 107си жаш балдар.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM