Биз менен байланышыңыз

Помпео: Америка Иран менен эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 544 | 0

АКШ Иран менен эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

Белгилей кетсек, акыркы айларда Вашингтон менен Тегерандын мамилеси начарлап кеткен. Буга АКШнын Иранга экономикалык чектөөлөрдү киргизгени себеп болгон. Тегеран өз кезегинде АКШнын соңку аракеттерин психологиялык кысым жана саясий оюн деп атаган. Ал эми Трамптын админстрациясы Ирандын аракеттерине гана жооп кылып жатканын билдиришкен. Ошондой эле, Иран бийлиги Трампты террорчулардын башкы демөөрчүсү деп атаган.

Copyright © 2017 Maral FM