Биз менен байланышыңыз

Кагазсыз иштеген бейтапкана

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 525 | 0

Түштүк Кореядагы Бундан клиникасы 16 жылдан бери кагазсыз иш жүргүзөт. Бул тууралуу Хабар 24 жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган оорукана документ иштеринде кагаз колдонбойт. Бейтаптар тууралуу маалыматтардын баары компьютерге киргизилген. Аны врачтар да, оорулуулар да колдоно алышат. Бул кызмат тейлөө процессинин ылдамдашына шарт түзөт.

Бундан клиникасына күнүнө 7 миңдей оорулуу кайрылат. Жалпы маалыматтар ар бир 20 мүнөттө жаңыланып турат. Бейтапкананын телефонго ыңгайлаштырылган атайын тиркемеси бар. Ал аркылуу оорулуулар үйүнөн отуруп эле жазылып, кезекке тура алышат. Ошондой эле, анализ жыйынтыктарын көрүп, дарылардын рецептин да биле алышат. Тийешелүү төлөмдөр да электрондук түрдө негизде жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM