Биз менен байланышыңыз

Абдыгулов: Капиталы 600 млн сомго жетпеген банктар микрокаржы компаниясына өтүшү керек

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 434 | 0

Банктын капиталын 600 млн сомго чейин көтөрө албаса, анда банк микрокаржы компаниясына өтүшү керек. Мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Толкунбек Абдыгулов маалымдагандай, Кыргызстанда 25 коммерциялык банк бар. Алардын арасында 2-3 банк мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу Улуттук банктын капиталдаштыруу талабы боюнча милдеттенмелерин аткара албайт.

Мындан сыркары, Толкунбек Абдыгулов маржа маселесин карап көрүү керектигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM