Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Шайлоо алдында айлыкты көбөйтүүгө тыюу салуу керек

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 706 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев шайлоо алдында пенсионерлердин, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын көтөрүүгө тыюу салууну сунуштады. Ал мындай пикирин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан парламенттик угууда айтты.

— Ар шайлоонун алдында айлыктар көтөрүлөт. Анан дарыгерлер, мугалимдер сүйүнүп кетишет. Бул нерсени токтотуп, айлыкты жумуштун нугу менен көтөрүлө турган кылышыбыз керек.

Андан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер шайлоого катышкан учурда кызматын убактылуу эмес, биротоло ташташы керектигин да айтты. Андан тышкары, босого упайды 5 пайызга түшүрүү сунушун берди. Ага ылайык, 3-5 пайыз алган партияларга 5 мандаттан бөлүп берүүнү да сунуш кылды. Мындай чечим саясий туруктуулукка себеп болорун белгиледи.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 3-июнда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан парламенттик угуу өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM