Эртең 4-июнда Бишкек шаарына ысык суу берилип баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, ысык суу мерчемделген мөөнөттөн эки күн эрте берилет.
Эске салсак, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ысык суу 6-майдан 6-июнга чейин өчүрүлгөн болчу.