Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан айдоочу каза болду

Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 654 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунда катталган кырсыктан улам 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу «Акипресс» маалымат агенттиги кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн түнкү саат 1:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 357-чакырымында болгон. Анда Кадамжай районунун 1991-жылы туулган тургуну айдап бараткан «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Ноокат районунун 1984-жылы туулган тургуну айдап бараткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Натыйжада «Мерседес Бенц» унаасынын айдоочусу Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон. Ал эми ушул эле унаанын 4 жүргүнчүсү жараат алып, шаардык ооруканага жеткирилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM