Биз менен байланышыңыз

 Жеңиш Разаковду Түркмөнстандын президенти кабыл алды

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 408 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Гурбангулы Бердымухамедов президент Сооронбай Жээнбековго өзүнүн саламын жиберип, эки өлкө ортосунда ишке ашырыла элек соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууга кызыкдар экендигин айтты.

Маектешүү учурунда Жеңиш Разаков Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын ушул жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз тарапты алдыдагы Каспий экономикалык форумунун иш-чараларына, ошондой эле, форумдун алкагында уюштурула турган көргөзмөгө катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар суу-энергетикалык тармактагы, мунайгаз жана текстилдик, транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM