Биз менен байланышыңыз

Мексика: Трамптын бажы салыктары боюнча чечиминин соңу оор болот

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2019 | 540 | 0

Эгер АКШ Мексиканын товарларына 5 пайыздык бажы салыгын киргизе турган болсо, өздөрүнө эле өтө олуттуу кесепеттерди алып келет. Мындай пикирин Мексиканын Тышкы иштер министринин орун басары Хесус Сеад билдирди.

Анын айтымында, Американын коркутуу аракеттеринин акыры жакшылык менен бүтпөйт. Эгерде жаңы соода келишимин түзүү керек болсо, Мексика да жөн карап жатпайт.

Буга чейин, Дональд Трамп 10-июндан баштап, Мексикадан келген товарларга 5 пайыздык салык киргизерин айткан болчу. Салык мыйзамсыз миграция токтомоюнча өсүп турарын, баары мыйзамдаштырылганда гана кошумча салыктар алынарын билдирген.

2018-жылда Мексикадан АКШга жалпы 346,6 млрд. долларлык товар экспорттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM