Биз менен байланышыңыз

Индия Кыргызстанга 100 миллион долларлык курал-жарак берет

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 925 | 0

Индия Кыргызстанга насыя түрүндө аскердик жабдууларды берет. Ал 100 миллион долларга бааланууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Индияга жасаган иш сапарында белгилүү болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурациясына атайын сыйлуу конок катары катышты.

Жээнбековду Индияга чакыруунун дагы бир максаты — Кыргызстанга аскердик жабдууларды бере тургандыктан, бул жаатта тажрыйба алмашуу болгон. Эки тараптуу мамилени чыңдап, аскердик окутуунун бийик тоолуу шартта өтүшүн, курал-жарактарды колдонууну көрсөтүп, Индиядагы күч түзүмдөрдүн аракети менен тааныштырып, коргонуудагы стратегиялар менен бөлүшүү пландалган.

Учурда Кыргызстан куралдуу күчтөрдү модернизациялоо аракетинде жалпы жаңылоо киргизүүнү көздөөдө. Маалыматка ылайык, акыркы айларда Кыргызстандын аскердик тобу Индияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Мунун негизинде, аскердик жабдуу сатып алуу үчүн расмий кат жолдонгон, ал Индиянын Тышкы иштер министрлигинин макулдугу менен ишке ашырылат.

Кыргызстан аскер кызматы Индиянын коргоо күчтөрү тарабынан жасалган жабдууларды сатып алары айтылган. Кыргыз аскердик тобу аталган тармактагы Индиянын бир нече компанияларына барып, аскердик жаңылоого кажет болгон курал-жарактардын тизмесин түзүшкөн. Hyderabadbased Zen Technologies компаниясы чыгарган жабдуулардын катарында артиллериялык экипаж жабдуулары, Т-72, Т-90 танктары жана жөө аскерлер үчүн чыгарылган согуштук машиналары (БМП) бар.

Аталган тармак боюнча эки тараптуу алака 2011-жылы «Канжар» аскердик машыгуусу башталгандан бери бекемделип келет. Айрыкча, Нарендра Модинин 2015-жылы жалпы Орто Азияга жасаган сапарынан кийин бат өнүккөн. Андан бери Индия Кыргызстандагы аскердик окуу жайларда 3  IT-борборун ачкан. Ошондой эле, кыргыз-индус биргелешкен «Канжар» аскердик машыгуусу күчөтүлгөн тартипте окутулуп келет.

Эки өлкө биргелешип Балыкчы шаарында кыргыз-индус тоолуу аскердик окуу борбору курушкан. Ошондой эле, Индия Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо миссиясына ылайык, талаа госпиталын жабдууга жардам берген.

Copyright © 2017 Maral FM