Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматына аскердик техника сатылып алынды (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 627 | 0

Бүгүн, 21-октябрда, президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземине катышты.

Зооттолгон аскердик техниканын кырк даанасы УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынган.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу биздин жергиликтүү аймакка ылайыкталган жаңы аскердик техника толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынды.

Copyright © 2017 Maral FM