Биз менен байланышыңыз

Электрондук түрдө салык отчетторун берүүгө өтүү мөөнөттөрү аныкталды

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 387 | 0

Салык төлөөчүлөрдүн салык отчетун квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн мөөнөтү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Атап айтканда, Өкмөттүн 2018-жылдын 12-декабрындагы токтому менен «Салыктын отчетун электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө» жобо жана «Салыктын отчетун электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү» бекитилген.

Аталган токтомго ылайык, салыктын отчеттун электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү салык төлөөчүлөр тарабынан төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:

  1. 2019-жылдын 1-июлунан тартып – кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталгандар, ошондой эле, товарларды импорттоону жана/же экспорттоону ишке ашыруучу уюмдар жана жеке ишкерлер;
  2. 2021-жылдын 1-январынан тартып — уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн;
  3. 2022-жылдын 1-январынан тартып – салык төлөөчүлөрдүн башка категориялары үчүн;

Мында салык отчетун электрондук түрдө тапшырууга мөөнөтү жете элек салык төлөөчүлөр өз ыктыяры менен бере алышат.

Салык отчету милдеттүү түрдө электрондук формага өткөндөн кийин салык төлөөчүлөр квалификациялуу электрондук колтамга менен отчетту берүүгө тийиш. Ага өткөнгө чейин салык отчетуна жөнөкөй электрондук колтамга коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM