Биз менен байланышыңыз

Украина: Ми-8 аскердик тик учагы кыйрап, 5 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2019 | 547 | 0

Украинада машыгуу учурунда Ми-8 аскердик тик учагы кыйрап, 5 киши жан берди. Бул тууралуу кургактагы аскер кызматы Фейсбук баракчасында жарыялады.

Авиациялык кырсык 29-май күнү кечинде катталган. Анда, 16-бригаданын командири 4 экипажы менен кошо каза болгон. Кырсык Ровен облусунун Сестрятин аймагында катталган.

Тик учак кыйраган аймакта куткаруу кызматкерлери жана укук коргоо органдары иш алып барууда. Кырсыктын себеби иликтенүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM