Биз менен байланышыңыз

Жайында балдардын эс алуусу үчүн 972 лагерь иштейт

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 577 | 0

Жайында өлкө боюнча жалпы 112 миң балага ылайыкталган 972 лагерь иштейт. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев айтты. Анын маалыматына ылайык, мектептердин алдындагы 818 лагерде 80 миң балага орун түзүлгөн.

-Республиканын 30 районундагы жайлоолордо 70 борбордун ачылышы пландалууда. Жыл сайын жашоо шарты оор балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоого бюджеттен 5 млн. сом бөлүнөт. Миңден ашуун бала жайкы лагерлерге жөнөтүлөт.  

Ал кошумчалагандай, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдардын жайкы эс алуусун камсыздоо боюнча атайын штабдын жыйынын өткөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM