Биз менен байланышыңыз

КМШнын Ички иштер министрлери Ташкентке чогулушту

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 585 | 0

30-майдан 1-июнга чейин Ташкентте КМШдагы Ички иштер министрлеринин кеңешинин отуруму өтөт. Бул тууралуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитети билдирген.

Жыйында кылмыш менен күрөшүү боюнча өлкөлөр аралык программаны ишке ашыруу жана башка ведомстволор аралык кызматташтыкка багытталган маселелер талкууланат.

Ошондой эле, отурумда КМШдагы Ички иштер министрликтеринин 2030-жылга чейинки кызматташуу концепциясын кабыл алуу пландалууда. Анда, учурдагы криминалдык чакырыктар жана коркунучтар боюнча айтылып, ага каршы күрөшүү, максат жана милдеттерди орнотуу, финансы маселелерин чечүү жана Концепция механизмин ишке ашыруу иштери каралган.

Copyright © 2017 Maral FM