Биз менен байланышыңыз

Уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү боюнча семинар өтөт

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 552 | 0

31-майда Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Дөбө айылындагы М.Н Лущихин атындагы асыл тукум кой өстүрүүчү заводунда уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү боюнча аймактык семинар өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Семинардын негизги максаты уяң жүндүү кой чарбачылыгы менен алектенген фермерлерди асыл тукум селекциялык иштерин жүргүзүүгө үйрөтүү жана акыркы инновациялык технологиялардын жетишкендиктери менен тааныштыруу, ошондой эле, тажрыйба жүзүндө окутуу.

Семинардын жүрүшүндө уяң жүндүү кой чарбачылыгынын чийки заттарын кайра иштетүү, уяң жүндүү кой чарбачылыгын жакшыртуу, асылдуулугун арттыруу, жүн кыркуу жана сорттоо боюнча маселелер талкууланат.

Семинарга Өкмөттүк Аппараттын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жана дыйкан-фермерлер катышат.

Copyright © 2017 Maral FM