Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Былтыркы битир-садагадан 34 миллион сом топтолгон

Коом | 29 мая 2019 | 1374 | 0

Орозонун аяктаарына бир жумадай убакыт калды. Бул айда мусулмандар башка айлардан айырмаланып, көптөгөн пайдалуу иштерди жасап калганга ашыгышат. Орозо айында мусулмандар үчүн дагы бир милдет: бей-бечараларга жана муктаждарга битир-садага  берүү. Битир-садага деген эмне жана аны кимдер бериши керек? Кандай жол менен  чогултулуп, кантип таркатылат? Бул суроонун жообун тиешелүү тараптардан тактадык.   

Битир-садага орозо башталган күндөн тартып, айт намазы окулганга чейин берилиши керек. Ушул убакыт ичинде берилген каражат битир-садага катары эсептелет. Ал эми орозо айынан кийин берилсе, катардагы садага болуп калат. Мындай маалыматты бизге Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Фатва  бөлүмүнүн кызматкери Бактыяр  ажы Токтогазы уулу берди.

— Битир-садага боюнча пайгамбарыбыз Мухаммеддин куттуу хадистеринде: «Орозо айында ар бир мусулман эркекке, аялга битир-садага берүү милдет кылынды» деп айтылат. Бул ар бир жан үчүн орозодо сөзсүз берилчү садага болуп саналат. Үйдүн кожоюну үй-бүлө мүчөлөрү үчүн берет, эгер балагатка жеткен балдары болсо, ар ким өзү үчүн  бериши керек.

Ошондой эле, битир-садаганын мусулман адамдарга гана берилиши шартка ылайык. Эгер колунда бар, жетиштүү адамдар болсо, муктаждарга белгиленген өлчөмдөн ашыра берсе да болот. Ал эми ден соолугу начар, мүмкүнчүлүгү жоктор битир-садака бергенге милдеттүү эмес. Битир-садаганын дагы бир мааниси: орозодо  кетирген кемчиликтердин ордун толуктоо.

— Битир-садага берүүнүн эки негизи бар. Биринчиси, орозо туткан адамдын кандайдыр бир кемчиликтери болушу мүмкүн. Бирөөлөрдү жаман көрүп коюшу мүмкүн, урушуп кетиши мүмкүн. Ошону толуктоо үчүн да берилет. Ошондой эле, экинчиси, кайрымдуулук иретинде, тагыраагы, аз да болсо муктаждардын муктаждыгын чечсин деген ниетте берилет.

Ал эми быйылкы битир-садаганын баалары боюнча муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев буларга токтолду:

— Быйылкы жылга битир-садаганын баасы жан башына 1 килограмм 600 грамм буудай, же 3 килограмм 200 грамм арпа, ошондой эле, ун, мейиз, курма, же акчалай наркында 35 сом өлчөмүндө болот. Жарандарыбыз көрсөтүлгөн баалардын кайсы түрү менен төлөйм десе, өзүнүн ыктыяры. Муктаждарга битир-садага берүүчүлөр колунан келишинче көбүрөөк берсе сообу жакшы.

Битир –садаганы чогултуу үчүн ар бир мечитке пломба басылган кутучалар орнотулат. Ошондой эле, быйыл битир-садага чогултуунун заманбап түрү ишке кирди. Тактап айтканда, алыскы аймакта жашагандар  жана мечиттерге барууга шарты жоктор үчүн РСК банк менен биргеликте эсеп ачылып, тиркеме иштелип чыккан. Мусулман калкы эми битир-садаганы чөнтөк телефонунан эле которуп коё алышат.

Муфтияттын берген маалыматына таянып айта турган болсок, садага кутучалары жана банктык эсеп орозо айттан кийин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан ачылат. Чогултулган каражаттын 50 пайызы мечиттерде калса, 20 пайызы муфтиятка которулат. Дагы 15 пайызы обулустук казыятка бөлүнүп, 15 пайызы райондук хатибиятка бөлүнөт. Ал эми муфтиятка келип түшкөн каражат кайда жумшалары боюнча, бизге буларды билдиришти:

— Орозо айынын ичинде муфтиятка күнүгө кеминде 20-30 муктаж адам арыз менен кайрылат. Орозо бүтөрү менен арыздарды кабыл алуу токтойт. Азирети Муфтийдин буйругу менен атайын топ түзүлүп, аларды категорияларга бөлөт. Биринчиси, операцияга өтө муктаж жарандар, экинчиси, көп балалуу энелер, үй-бүлөлөр, анан жалпы муктаждар деп бөлүнөт. Булардын баарын топтоп, муфтиятка чакырып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда битир-садаганы таратып беребиз.

Белгилей кетсек, 2018-жылы битир-садага үчүн 34 миллион сомдун тегерегинде каражат топтолгон.

Репортажды даярдаган: Чыңгызхан КОЖОШОВ

Copyright © 2017 Maral FM