Connect with us

Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү

Кыска кабар | 29 Май 2019 | 696 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү. Демилге вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын тапшырмасы менен ишке ашырылды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматтар базасы БУУнун Балдар фондунун техникалык колдоосу менен иштелип чыкты.

Жашоо шарты оор балдардын маалыматтар базасын кошумча программалык камсыздоо оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды аныктап, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер тарабынан өз убагында жардам көрсөтүү, аларды жайгаштыруу, алар менен алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү үчүн «Түндүк» электрондук тутуму менен бириктирилет.

Аймактык мамлекеттик органдар интернет жеткиликтүү болсо, аныкталган бала тууралуу маалыматты киргизе алышат. Бул мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлинде түрдүү ведомстволордон ар башка башкаруу деңгээлинде алынган маалыматтарды координациялоо эң башкысы зарыл болгон кызматтарды жана жашоо шарты оор балдарга жардам көрсөтүү убактысын кыскартат.

Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды жана алардын үй-бүлөсүн коргоо боюнча Индивидуалдык план долбоорун түзөт. Маалыматтар базасынын иш мүмкүндүктөрүн иштеп чыккан соң, аны Чүй облусунун эки районунда пилоттук түрдө киргизүү пландалууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM