Биз менен байланышыңыз

Volkswagen автоунаасы эми Өзбекстандан да чыгып баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2019 | 1122 | 0

Өзбекстан Volkswagen үлгүсүндөгү унаа чыгарат. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат катчысы кабарлады.

Унаа чыгаруу келишимине Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 28-майда кол коюшкан.

Мындан тышкары, тараптар маалыматты коргоо жана алмашуу, күнөскана газын бөлүп чыгарууну азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Эки өлкөнүн товар алмашуусу бир жылдын ичинде 25 пайызга өскөн. Тактап айтканда, 770 миллион долларды түзгөн.

Эске сала кетсек, Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Өзбекстанга расмий сапар менен 27-майда келген.

Copyright © 2017 Maral FM