Connect with us

Эркинбек Чодуев санариптик айыл чарба программасын иштеп чыгат

Кыска кабар | 29 Май 2019 | 618 | 0

Эркинбек Чодуев министр болуп калса, санариптик айыл чарба программасын иштеп чыгат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына талапкер катары Жогорку Кеңештин депутаттарына программасын тааныштырып жатып айтты.

Ал тармакты өнүктүрүүдө приоритет катары 3 маселени колго алууга: экспортту толук көзөмөлдөөгө, тармакта иш жүргүзгөн ассоциацияларды бириктирүүгө жана санариптик айыл чарба программасын иштеп чыгып алга жылдырууга убада берди.

Ошондой эле, суу чарба маселеси, жер маселесиндеги көйгөйлөрдү чечүү, органикалык айыл чарба өндүрүмдөрүн көбөйтүү, асыл тукум үрөн чарбаларды өнүктүрүп, эл аралык долбоорлор менен иштөөнүн натыйжалуулугун арттыруу боюнча иштер жасаларын айтты.

Аймактагы бөлүмдөрдү өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Жогорку Кеңеште ушу тапта бош калган министрлик кызмат орундарга Өкмөт сунуштаган талапкерлер каралып, алар өз программаларын тааныштырып жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM