Биз менен байланышыңыз

Америка: Бороондон 130дан ашуун адам жабыркады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2019 | 681 | 0

АКШнын Огайо жана Индиана штаттарында катуу шамал жүрүп, анын кесепетинен 130дан ашуун тургун жабыркады. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, торнадо бороону турак жайларды кыйратып, электр жарыгын үзүп кеткен. Бороондун кесепетинен 68 миңдей адам жаракат алган.

Ошондой эле, кыйратуучу торнадо Оклахома штатында да катталган. Соңку маалыматтарга караганда, аталган штатта аз дегенде 6 адамдын өмүрү кыйылып, 100 чакты киши жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM