Биз менен байланышыңыз

Ооз ачарлык берүү — Орозо шаңы

Коом | 29 мая 2019 | 1327 | 0

Ооз ачуу убактысында Бишкектеги чайкана, кафе-ресторандарга алдын ала тапшырык берип барбасаңыз, орун табалбай ыңгайсыз абалда калышыңыз мүмкүн. Анткени, учурдан пайдаланып, жакындарын, тааныштарын, же жөн гана орозо кармаган адамдарды ооз ачырууга чакыргандар көп. Ырчы-чоорчулардын коштоосунда өзгөчөлөнтүп жибергендер да бар. «Орозодо ооз ачыруу эрежеси кандай болушу керек?» — деген собол менен адистерге жана коомчулукка кайрылып көрдүк.

Коомчулукта: «Ооз ачыруу жөрөлгөсүн айрымдар сооп үчүн жасаса, айрымдары учурдан пайдаланып, кимдир бирөөлөр менен алака түзүү үчүн, же өзүнүн кадыр-баркын көпчүлүккө көргөзгүсү келгендиктен жасайт», — деген көз караштар бар. Орзодогу соопчулук иштери, ооз ачыруу жөрөлгөсү боюнча сурамжылаган пикирибизге калаа тургундарынан  төмөндөгүдөй жоопторду алдык:

— Бул жеке кызыкчылык үчүн эмес, себеп дегенде кантип адреналин алышты билбеген ашынган байлар бар экен да. Ошолор ыйманга келип, жардам берип жатышат. Анан ырдоо боюнча аябай деле каршы эмесмин. Пайгамбарыбызды, диндин улуулугун даңктаган ырлар ырдалса, эмне үчүн болбосун? Бирок, сүйүү жөнүндө ырдалса, туура эмес болуп калат го?..

— Бул орозо деген өзү жакшы нерсе. «Алыбек алына жараша», — дегендей, ар кимдин өзүнүн сыйлаша турган жакындары, тууган-туушканы бар. Алар ооз ачар берип коюу жаман нерсе деп ойлобойм. Анан мүмкүнчүлүгү келип турса, жетим-жесирлерге кол сунуп турушу керек. Албетте, кээде ысырапкорчулук деген да болуп кетет. Эми аны жөнгө салса болот. 

— Кереги деле жок го? Негизи орозону ашыкча нерселер болбосун деген ниет менен кармайсың да. Андан көрө, ошого кеткен каражатты балдар үйүнө же кандайдыр бир муктаж жерлерге жардам катары жумшаса деп ойлойм.   

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир ажы Ракиевдин айтымында, ооз ачырган киши сооп табат. Ал эми «Ооз ачар ашыкча шаан-шөкөткө айланып кетти, ооз ачууга жалаң оокаттуу орозокечтер келип жатат», — деген пикирлерге кошула бербейт.

— Буга чейин ырчы-чоорчу дегенди байкаган деле жокмун. Себеби, ооз ачар өзү тар убакыт, себеби, андайын тараба намазы бар. Андыктан, ырчы-чоорчуга убакыт жетпейт. Ал эми ооз ачарга жалаң эле кадыр-барктуулардын бара бериши жакшы көрүнүш эмес. А бирок, Бишкекте 60тан ашык мечитте ооз ачыруу болуп жатат. Баарына эле кадыр-барктуу барып жаткан жери жок, карапайым эле бизге окшогондор барышат. Аны көрбөй, бир-эки жерге кадыр-барктуу киши келип калса, ошону мисал кылып чыга калганыбыз туура эмес. Анын үстүнө, кадыр-барктуу адам орозо тутса, чакырбай коюш керекпи?.. 

Коомчулукка ооз ачыруунун эреже-жоболору боюнча Муфтият түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз позициясын билдирүүсү зарыл. Ооз ачыруу жөрөлгөсү тек гана соопчулук үчүн жасалышы керек. Мындай пикирин теолог Улан Усупов билдирди. «Ал эми андай иш-чарада Кудайды, пайгамбарларды жана динди даңктап ырдоо Ислам динине кайчы келбейт», — деген көз карашты карманат.

— Негизинен ооз ачарлык буга чейин жөнөкөй, жупуну болуп келген. Бирок, бүгүнкү күндө, өзүңөр айткандай, элдин көпчүлүгү ооз ачып аткандыктан, бул маселени шоуго айландырып жибере турган болсо, анын сообун азайып калат. Ооз ачарлык мезгилинде диний насааттар кылынып, пайгамбарыбыз жөнүндө, сахабалар жөнүндө Куран, хадистерден мисал келтирилип айтылганы, аалымдарыбыздын бул багытта кеп салып бергени өтө жакшы болот. Аны ырчы-чоорчуларды чакырып, шаан-шөкөткө айландырып жиберүү — ооз ачарды башка өңүткө буруп кетүү менен барабар. Негизинен, илгерки ата-бабаларыбыздын орозолоруна окшош эле кылганыбыз жакшыраак. Бул жерден бир нерсени айтып кетиш керек, диний ырлар да ырдалып жүрөт. Менимче, андан өтө көп чочулабаш керек. 

«Орозо айы сабырдын, кечиримдүүлүктүн айы болгондуктан, мындай пикирлер жаралбашы керек», — дейт Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров. Ал чакырылган  ооз ачырууларда эч кандай шаан-шөөкөттөр болгон эмес, дээрлик дин аалымдарынын акыл-насааттарын, кеп-кеңештерин угуп жүрөт.

— Биз эми анча-мынча ооз ачарларда дин аалымдарын чакырып өткөрүп жатканын көрдүк. Ал эми ырчылардын катышканын көргөнүм жок. Ошон үчүн бирдеке деп айтуу кыйын. Анан орозонун учурунда баарын жакшылыкка жоруп койгон жакшы го?.. Ооз ачарларда жөнөкөй, карапайым адамдар менен деле аралышып жүрөм. Андайларга көңүл бурбайм деле. Бирдеке деп айтуудан да алысмын.  

Быйылкы жылдын орозо айы 6-майдан 4-июнга чейин созулат. Ал эми 31-майдан 1-июнга караган түнү Кадыр түн белгиленет.

Репортажды даярдаган: Чыңгызхан КОЖОШОВ

Copyright © 2017 Maral FM