Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик менен келген ун — дыйкандардын азабы

Коом | 28 мая 2019 | 692 | 0

Казакстандан аткезчилик жол менен ташылган ун арзан сатылып, ата мекендик өндүрүшчүлөргө бир топ тоскоолдук жаратууда. Мындай маалыматты бүгүн өлкөдөгү ун чыгаруучу ишканалардын ээлери айтып чыгышты. Алар мыйзамсыз кирген товардын баасы жергиликтүү өндүрүмдөргө салыштырмалуу кыйла арзан болгону менен сапаты начар экендигин айтышууда.

Өлкөгө мыйзамсыз ташылган ун көп кире баштады. Бул маалымат өндүрүшчүлөр өткөргөн жыйында айтылды. Алардын билдирүүсүнө караганда, Казакстандан мыйзамсыз ташылып келген унга эч кандай салык төлөшпөйт. Ошон үчүн ал өндүрүмдөр Кыргызстанда кыйла арзан. Мындан улам, алар президентке жана премьер-министрге кайрылуу жасап, дыйкандар, кызматкерлер жумушсуз калып жатканын кабарлашты.

«Бишкек Ун өндүрүү» комбинатынын жетекчиси Василий Вознюк аткезчилик жол менен кирген ундун айынан ата мекендик өндүрүштүн эмгеги акталбай жатканын айтты. Жарым жылдан бери ун чыгаруучу ишканалардын кызматкерлери жумушсуз калып жатканын билдирип, буларга токтолду:

— Аткезчиликти жоюуга жоопкер адамдар кандайдыр бир чара көрүшсө. Себеби, биздин кесипкөй адистерибиз кетип калып жатышат. Казакстандан келген ундун баасы арзан болгону менен, сапаты начар. Аны элдин баары биле бербейт. Эгерде ушул баскыч менен кете берсек, дыйкандарыбызга, кызматкерлерибизге эле оор болот. Кыргызстанда ун чыгаруучу ишканалар ансыз деле аз. Ошолорду сактап калсбасак, келечеги жаман болот.

«Москва» ун комбинатынын кызматкери Жайнагүл Манасбекованын айтымында, Казакстандан мыйзамсыз ташылып жаткан ундун дүң баасы Кыргызстандыкына салыштырмалуу 10% га арзан. Бул себептен улам, өлкөдө унга болгон баа кескин айырмаланып турат. Ал белгилегендей, эл арзан нерсени көп талап кылгандыктан, дыйкандардын эмгектери көрүнбөй калып жатат.

— Казакстандан мыйзамсыз ташылып келип жаткан унга салык төлөнбөйт. Ошон үчүн анын баасы биздикине караганда кыйла арзан. Дыйкандардан алынган буудайлар иштелип чыгууда. Бирок өндүрүм өтпөгөндүктөн бузулуп, чыгашага учуратып жатат. Ошон үчүн президентке кайрылат элек. Аткезчилик көйгөйүн эртерээк чечип беришсин.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин пикиринде, Кыргызстанга аткезчилик жол менен бир гана ун эмес, башка дагы бир топ нерселер кирет. «Бул маселени бир эле эмес, бир канча жолу көтөрүп келебиз, бир эч майнап чыкпайт», — дейт Бокоев. «Өкмөттүн жогорудагы маселелерди чечүүгө күчү жетпесе, ачыгын айтышы керек», — деген пикирин билдирди.

— Биздин өлкөгө аткезчилик жолу менен бир гана ун эмес, көп нерсе кирет. Аны баары билет, көрүп деле жатышат. Бирок унчугушпайт. Биз бул маселени дайыма көтөрүп келебиз. Өкмөт тарабынан кандайдыр бир реакция болушу керек. Эл кыйналып жатканда, башка көйгөйдүн кереги жок да. Ал эми ундун мыйзамсыз ташылып жатканын айтсам, кантип чек арада тургандар килтейген фураны көрбөй калышсын. Ошолорду карап, суракка алуу кажет. Бажы биримдигине кирип алып, элди, дыйкандарды бир топ эле кыйынчылыкка түртүп жатабыз. Бул маселе сөзсүз каралышы керек.

Экономист Эрлан Камалов Казакстандын унунун сапаты жогору деп белгилейт. Ошон үчүн биздин дыйкандардын эмгеги көп бааланбай калууда. «Аткезчилик жол менен ташылып кирген унду кармап, ташыгандардын жазасын берүү керек», — деген оюн айтат экономист.

— Аткезчилик жол менен кирип жаткан фураларды иликтеп, кармашыбыз керек. Ошондо гана иштин көзүн тапса болот. Кармалса, чоң чара көрүлүп, текшерилип, мамлекеттин бюджетине каражаттар бөлүнүп берилиши кажет. Рынокто ар дайым баанын арзандыгы, андан кийин сапаты каралат. Ошон үчүн биздин дыйкандар утулуп жатышат.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы Луговая станциясында бир тонна буудай 170-175 долларга сатылса, учурда 205-210 долларга көтөрүлдү. Мындан улам, Кыргызстанда ун эки сомго, ал эми Казакстандыкы үч сомго кымбаттады. Нандын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 1-2 сомго кымбаттаган.

Copyright © 2017 Maral FM