Биз менен байланышыңыз

Япония: Ысыктан жабыркагандардын саны өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2019 | 707 | 0

Бир жуманын ичинде аптаптын айынан 2 миңден ашык адам ооруканага жаткырылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Тез жардам кызматы менен иштешип жаткан Япониянын өрт өчүрүү кызматы кабарлаган.

Маалыматка ылайык, учурда ысыктан жабыркаган 2053 адам ооруканага жеткирилген. Аптаптан кыйналып кайрылгандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу 4 эсе өскөн. Ал эми каза болгон 4 жаран Япониянын ар кайсы аймагынан экенин билдирген.

Аталган өлкөдө жаздын аягы рекорддук мезгил катары катталып, аба ырайы 39 градуска чыгары, мындай ысык 2 айга созулары алдын ала эскертилген.

Акыркы маалыматтар боюнча, күнүгө 800дөн ашуун жабырлануучу ооруканага кайрылууда.

Copyright © 2017 Maral FM