Биз менен байланышыңыз

«Экс-президенттердин саясатка аралашуусу өнүгүүгө бөгөт коёт»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 467 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун пикиринде мурунку президенттердин кайра саясатка аралашуусу өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң бөгөт коёт. Экономикага терс таасири берип, кадр саясатында башаламандыкка алып келет. Бул тууралуу эл өкүлү «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам экс-президент статусун ала турган бардык жарандарга арналган. Ал мыйзам учурдагы жана келечектеги экс-президенттердин саясий жүрүшүн тескейт. Аларга кепилдик берген соң, биз да чектөөлөрдү киргизишибиз зарыл. Атамбаевдин партиядан убактылуу болсо да четтегени жакшы кадам. Мен да экс-президент болуп калсам, бул мыйзамга баш ием, жанталашып кайра бийлик талашпайм», — дейт Жапаров.

Ал кошумчалагандай, эл өкүлдөрү мыйзамдар эл үчүн иштешин көзөмөлдөгөн функциясын такыр аткара албайт. Аткаруу үчүн ага дээрлик көпчүлүктүн «башы» жетпейт.

Мындан тышкары, Кыргызстан мыйзам чыгаруу боюнча социалисттик мелдешке чыгып алганын, андыктан, мыйзамдарды тескеп чыгуу зарыл экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM