Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлик кызматына Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында айтылды.
Анда Санжар Муканбетов да Экономика министрлик кызматына сунушталганы маалым болду. Комитеттин депутаттары эки талапкерди тең колдоп берди.
Ошондой эле депутаттар Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин да талапкерлигин карашмакчы.