Биз менен байланышыңыз

Украина: Зеленский Донбасс жана Луганск аймактарын кыдырды

Дүйнө | 28 мая 2019 | 581 | 0

Владимир Зеленский Украинанын Киевдин чек арасында турган Луганск жана Донбасс аймактарын кыдырды. Бул тууралуу Украина лидеринин маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Зеленский чек арадагы күзөт менен таанышып чыкты. Ал Украина армиясынын техникалык камдуулугун текшерип, жабдууларды жакшыртуу керек экенин белгиледи.

Андан соң, Руслан Хомчак баштаган жалпы аскердик күч түзүмдөрү менен «текшерүү» операциясын жүргүзүштү.

«Украина бекем болуусу үчүн, аскерлердин шарты жакшы болууга тийиш»,- деп билдирди Зеленский.

Эске сала кетсек, Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский 20-майда ант берип, президенттик кызматка расмий киришкен. Бул өлкө аймагына болгон алгачкы иш сапары.

Copyright © 2017 Maral FM